Жогорку Кеңештин 31-октябрдагы жыйынында пенсия маселеси көтөрүлүп, депутат Сайдулла Нышанов эң көп пенсиянын көлөмүнө кызыкты.
Анын суроолоруна жооп берип жатып Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов өлкөдө пенсиянын эң жогорку көлөмү 100 миң сом экенин айтты. Ал эми эң аз пенсиянын көлөмү 1000 сом экенин кошумчалады. “Бүгүнкү күндө эң аз пенсиянын суммасы 1000 сом болсо, эң көбү 100 миң сомго чейин жетет”, - деди Нурдинов.
Депутат анын айткандарына кошулбасын жана эң аз пенсиянын көлөмү андан да аз экенин белгиледи.
Депутат Сайдулла Нышанов буга чейин SUPER.KG'ге өлкөдө 449 сом пенсия алган жарандар бар экенин айткан эле.