Бишкекте 6 айлык ымыркай кызамык дартынан улам каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова 31-октябрда кабарлады. Анын айтымында, ымыркай октябрь айында бир жумага жакын убакыт үйдө кармалып, андан кийин жугуштуу илдеттер ооруканасына алып келинген.
"Ата-эне кызды сасык тумоого кабылды деп үйдө дарылай берген. Кийин абалы оорлошуп кетип, жугуштуу илдеттер ооруканасына оор абалда алып келишкен. Тилекке каршы, ымыркай өзүнө келе албай каза болуп калган. Ал эмдөөдөн өтө элек болчу. Себеби кызамык дартына каршы эмдөөнү биз 1 жашында, 4 жана 6 жашында жүргүзөбүз", - деди Ишенапысова.
Эмдөө борборунун жетекчиси учурда 1 жашка чейинки балдар арасында кызамык дарты күчөп жатканын кошумчалады.
"Кызамык дарты менен 1 жашка чейинки жана эмдөөдөн баш тарткан балдар ооруп калып жатат. Эң эле коркунучтуусу бул дарт бир жашка чейинки балдарда бат эле пневмонияга өтүп кетет. Ошондуктан эмдөөгө келгиле деп кайрылып жатабыз", - деди Ишенапысова.