Буга чейин айрым ЖМКлар "Кумтөр" долбоору жана "Центерранын" акциялары Кытайдын "Shadong Gold" деген компаниясына салынышы мүмкүн" деген маалымат тараткан.
Бүгүн, 31-октябрда бул тууралуу SUPER.KG'ге "Кыргызалтын" ишканасы түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, "Кыргызалтын" "Центеррага" расмий кат менен кайрылып жооп алган.
Ал катта "Центерра" ачык компания катары үчүнчү жактардан ар кандай мүнөздөгү бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө сунуштарды алуусу мүмкүн экенин билдирген.
"Центерра" компаниясынын катында эгерде ушул сыяктуу сунуштар каржылык көз караш менен караганда жагымдуу болсо жана жок дегенде талкууга алуу баскычында болсо "Центерра" сөзсүз түрдө бул маселени өкмөт жана “Кыргызалтын” менен макулдаша турганы жазылган.