Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында республикада мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу маселесине арналган “Өкмөттүк саат” өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жыйында билим берүү тармагынын жетекчилери баяндама жасап, депутаттардын суроолоруна жооп беришет.
Буга чейин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова SUPER.KG порталына берген маегинде билим берүү тармагында маселелер көп экенин айтып, эң негизгиси бул кооптуу абалдагы мектептерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин айткан.