2019-жылы ажылык сапарына бара турган жарандарды каттоо тартиби биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы 2019-жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады.
"Мындай иш-аракеттер ажылык сапарга баруу иштерин электрондоштуруу максатында жүрүп жатат. Биометрикалык паспорт колдонуу замандын талабы болуп жаткандыгына байланыштуу келе жаткан жылдан тарта ажылык сапарына барууну каалаган жарандарга биометрикалык паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык паспорт алууга чакырабыз", - деп маалымдашты муфтияттан.