Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айтмамат Назаров Кыргыз авиациясы оор абалга келгенин айтты.
“Бүгүнкү авиациянын, авиапарктын абалы абдан оор. Бүгүнкү күндө учактар жок. Учурда 23 компания тейлеп жатса, алардын 7 эле учагы бар экен, анын экөөсү да оңдоодо.
Билеттердин баасы 4 миңге чыкты, бирок коопсуздук маселеси ошол бойдон калууда. Азыркы учурда Ош-Бишкек каттамы 3 рейске кыскартылды.
20 миллион долларга 4-5 колдонулган учак сатып алуу болорун айтып жатышат, учактар менен камсыздоону колго алышыбыз керек”, - деди Назаров.