Электрондук айкын сатып алуулардын киргизилиши мыйзамдагы олуттуу өзгөрүү болгону менен ал эффективдүүлүгүн көрсөтпөй жатканы айтылды

Коомдук сатып алуулар тармагын реформалоо боюнча Кыргыз өлкөсү олуттуу иш жасады. Сатып алууларды айкын түрдө электрондук портал аркылуу жүргүзүүнү коррупциялык иштердин азайышын шарттаган мыйзамдагы олуттуу өзгөрүү катары бааласак болот.

Мындай пикир бүгүн, 1-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чарада айтылды. Белгилүү болгондой, бул тууралуу коррупция менен күрөшүү боюнча Стамбул аракет планы программасынын алкагында жүргүзүлгөн мониторингдердин кезектеги жыйынтыктарында айтылат.

"Бирок укук коргоо жана көзөмөл органдары буга карабастан сатып алууларга байланышкан коррупциялык же башка мыйзам бузуу иштерин аныктап келишет. Бул себептен журналисттер айкын сатып алуулар коррупциялык схемаларды шарттап, аны жоюуда эффективдүүлүгүн көрсөтпөй жатат деген өңүттөгү материалдарды жарыялашууда. Сатып алуулар үчүн жарыяланган тендерлерге компаниялардын (айрыкча аймактык деңгээлде) катышуусу өтө бийик эмес. Мамлекеттик чыгымдар үчүн сатып алуулар тармагында адилеттүү көзөмөлдү мындан ары күчтөө үчүн мамлекет бул процессте жарандык коомдун активдүү катышуусун кеңейтиши шарт. Ошондой эле сатып алуулар жүргүзүлүп жатканда бардык этаптагы маалыматтарды ачык-айкын жарыялап туруу электрондук башкаруу тармагындагы демилгелерди мындан дагы кеңири колдонууга шарт түзүлөт. Өлкө айкын сатып алуу жүргүзүү үчүн келишимдерди түзүүдө атаандаштык процедуралардын көлөмүн көбөйтүүсү керек", - деди экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун өкүлү Ольга Савран.

Иш-чаранын айрым катышуучулары бул тармакта бийликте отургандар өз бизнестерин сактап, өнүктүрүү үчүн айкын сатып алуулардагы атаандаштыктын түзүлүшүнө кызыкдар эмес экендигин айтып өтүштү. Ошондой эле бул маселе боюнча мониторинг жүргүзүп, коомчулукка маалыматты кенен жеткирүү керек экендигин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан