Депутат Кенжебек Бокоев Кыргыз улуттук агрардык университетине Чыңгыз Айтматовдун атын берүүнү сунуштады. Мындай пикирин ал бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
“Быйыл улуу жазуучубуздун 90 жылдыгы. Өлкө боюнча, эл аралык деңгээлде да белгиленип жатат. Жазуучубуз өзү Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда окуп бүтүрүптүр, ошол себептен мен жазуучубуздун ысымын аталган окуу жайга берүүнү сунуштайм. Өкмөт, ушул маселеге көңүл буруп койсоңуздар”, - деди Бокоев.
Быйыл 2018-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өлкөдө масштабдуу иш-чаралар уюштурулууда.