Чолпон-Атада муунтулуп өлтүрүлгөн 9 жашар баланын тууганы: "Милиция баланы жакындарынын бири өлтүрүшү мүмкүн деп жатат"

Чолпон-Ата шаарында киши колдуу каза болгон 9 жашар баланын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин бети ачыла элек. Бул тууралуу каза болгон баланын тууганы Нурсултанга байланышканыбызда билдирди.

Белгилей кетсек, 9 жашар баланын каза болгонуна бүгүн 1 ай толду.

"Инимдин өлүмү боюнча кылмыштын бети ачыла элек. Буга чейин бир ай аралыгында биз милиция кызматкерлерине бир нече жолу кайрылдык. Милициядан тергөө амалдары улантылып жаткандыгын, кылмышка шектүү кармала электигин айтып келишүүдө. Милициянын версиясы боюнча 9 жаштагы инимди өзүбүздүн үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн арасынын бири өлтүрүшү мүмкүн дешүүдө", - деди ал.

Эске салсак, 1-октябрь күнү эртең менен милицияга арыз менен жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалып, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала киши колдуу болгону аныкталган. Ал эми анын тууганы 9 жашар бала картошка, пияз салган капка муунтулуп каза болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ulua
2018-11-01 18:23:07
Табылбай эле кала береби эми бечара бала ай, туугандары апасы атасы оздору баш болуп эле иликтебесе милициянын мээси айныган кез азыр, бир олумдон илинчек таба алышпаганы окундурот, ким олтурсо дагы Алланын ырайымынан эки дуйно кол жуусун, ылайым!!!
+1
aerforce
2018-11-02 15:13:11
Туугандарыда болушу мүмкүн мен башынан эле ошондой ойлогом
+1
Feijipiao
2018-11-03 18:13:24
Мен ошо Чолпон атага кеткен эжесинен коруп жаткам башынан.Албетте куноосун мойнума албайын бирок кантип колу барат кичине баланы олтургону.Прям аутизм менен ооруган баланы.Мен аутизм менен ооруган баланы карайм бечаралар оорукчан болсо оздору.кантип колу барат ушундай балдарды олтургонго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан