Айдоочулардын эсине. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ашууларга жааган кардын калыңдыгын айтты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-ноябрда аймактар аралык унаа жолдорундагы кардын калыңдыгы боюнча маалымат таратты.

Андагы маалыматка караганда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 5-15 сантиметр, түштүк тарабынын 132-137-чакырымдарында 5-35 сантиметрди түзгөн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Өтмөк-Талас унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-15 сантиметрди түзүп, жолдор тайгак.

Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайынын айрым жерлеринде жол тайгак болуп муз тоңгон. Кардын орточо бийиктиги 2-10 сантиметрге жетет.

Ал эми Бишкек-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 сантиметрди түзөт.

Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 сантиметрди түзүп, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунунун Сөөк ашуусундагы кардын орточо бийиктиги 5-15 сантиметр болуп, жолдордо муз тонгон. Ошондой эле Түп-Кеген унаа жолунун 43-76-чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-12 сантиметр болуп жолдорго муз тоңгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан