СУПЕРСТАН: "Эркектердин ойлору... Тамеки чеккен кызды көрсөм эле "колу ачык болсо керек" деп ойлой берем"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер эмне тууралуу ойлонот?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Аялзатына эркектер эмнени ойлогону кызык болсо керек. Ошондуктан келгиле эмнелерди ойлонорубузду жаза кетели. Мисалы, "көп укташ керек эле, кайсы жерден даамдуу, анан бекер тамак жесем? Тээтиги кыз жок дегенде бүгүн түшүмө кирсе экен. Укук коргоо органдарында иштегендер жаман ачуума тийди, ушуларды ким ойлоп тапты болду экен? Кийимдер жуулбай жатат... Жеңил, акчасы көп жумуш табыш керек жана башкалар", - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Аял алам, качан алам, кимди алам?" деп дагы ойлонобуз. Сүйүп алсамбы же ала качсамбы?"

- "Эркек болгондуктан 5 нерсе жөнүндө ойлойсуң. Эркек болуп жаралгандыктан эң биринчи кезекте кыздар, көбүрөөк акча тапкандай жумуш, футбол жөнүндө "бүгүн менин сүйүктүү командам ойнойт, жеңсе экен" деп телевизорду тиктеп отурасың. Кантип достор менен чогулуп сыра ичсем? Кудай буюруп кымбат, сонун машина алып, кыздарга көрүнүп... Менин оюмда мына ушулар".

- "Качан сүйгөнүмө жолугам? Качан үйлөнүп, баламдын жытын жыттайм? Үйлөнгөндө жубайым ошого түртпөсө эле башкаларга барбайм. Жаш кыздар кымбат машина айдап бара жатканын көрүп "атасы акчаны кайдан жеди экен" деп ойлоном. Жумуш деп жүрүп өмүрүмдүн кызыгы өтүп кетет окшойт. Азыркы курагым жана акылым менен СССР тараган кезде болсом бул убакка чейин мультимиллиардер болмок белем".

- "Менин ойлорумдун баарын болбосо да, көпчүлүгүн жазып коюпсуңар. Демек, эркектердин ою окшош эле болот окшойт деген ойдо калып жүрбөсүн аялдар, кыздар жана башка кызгалдактар..."

- "Кыздарга өзү эмне керек? Кантип идеалдуу инсан болуунун жолун тапса болот? Эмнеге кыздар болбогон нерсеге ыйлай беришет? Эмнеге кыздар бат семиргенге мүнөздүү, а мен такыр семире албайм. Тамеки чеккен кызды көрүп "аттиң, ай, өпкө кантти экен" деп түйшөлөм".

- "Тамеки чеккен кызды көргөндө эле эмнегедир сараң эмес, колу ачык болсо керек деп ойлой берем".

- "Ушуга чейин чечилбеген бир эле суроо калды, "эмнеге аялдар көп сүйлөшөт?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Snejana
2018-11-02 09:19:47
Эмнеге тамеки тарткан аялдардын колу ачык болот экен. Кызык. Бирок тамеки тарткан аялдар менен мамиле курбаптырмын. Менин тааныштарым тамеки тартпайт. Болбосо салыштырып кормокмун.
+3
filis
2018-11-02 10:43:35
Азыр Эркек менен аялдар бирдей эле чегип калышка. Тангалып керекги жок.
0
barakcha
2018-11-02 11:24:24
Азыркы эркектер "аял"
Аа аялдар "эркек"болуп калган заман.Капа болуп чычалабагыла)))
0
Aima94
2018-11-02 16:32:17
Качан турмушка чыгам, кимге чыгам?Качан наристелүү болом? Эртээрек балалуу болсом... Күйөөм мыкты инсан болсо экен деп тилейм)))
+2
Chaki2795
2018-11-03 03:01:11
Качан квартиралуу болуп, мекениме кайтып барам
+1
wirintai27
2018-11-03 20:51:01
А мен качан уул торойт экем деп коп ойлоном
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан