Баткенде табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучунан коргонууга арналган машыгуулар өттү

Баткенде табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучунан коргонууга арналган машыгуулар өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"30-31-октябрь күндөрү Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагында “Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучу келип чыкканда элди коргонууга уюштуруу” деген аталыштагы комплекстүү машыгуу өткөрүлдү. Машыгуу 30-октябрь күнү Төрт-Гүл айыл аймагында Жарандык коргонуунун кызматтары жана Чоң-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин мугалимдеринин жана окуучуларынын катышуусунда өткөрүлдү. Машыгуу учурунда элди эвакуация кылуу, өзгөчө кырдаалдан жана өрт кырсыгынан жабыркаган окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо иштелип чыкты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан