Өзбекстанда чиновниктер тизеден суу кечкенден кийин колдоруна кесек топуракты көтөрүп турушкан

Буга чейин Өзбекстандын маалымат каражаттарында Ташкент облусунун Аккурган районунда ферма жетекчилери жана Айыл чарба министрлигинин өкүлү арыктагы сууну тизеден кечип турган сүрөтү жарыяланып, талкууга алынган. Маалым болгондой, анда Өзбекстандын ошол кездеги вице-премьер министри Зойир Мирзаев аларды эгин талааларына суу жеткирбегендиги үчүн ушундай жол менен жазалаган.

Кийин ушул эле алты чиновниктин колдоруна кесек көтөрүп турган сүрөтү жарыяланды. Окуяга күбө болгондордун бири "ошол күнү Мирзаев буудай талаасына да барган. Ал жерде талкаланбай жаткан кесек топуракты көрүп ачуусу келген" деп билдирген.

"Эмнеге силер жерди жакшылап жумшарткан жоксуңар, эмнеге кесек топуракты талкалабай туруп буудайды септиңер?!" деп кыйкырып, жергиликтүү жетекчилерди тилдей баштады. Андан кийин алты кызматкерге тең жерден талкаланбаган кесек топуракты колдоруна алып, көтөрүп турууну буюрду", - деп айткан райондук администрацияда иштеген, окуяга күбө болгон адам.

Анын айтымында, Мирзаев аларды сүрөткө тартууну буюруп, райондогу жетекчилерге жөнөтүүнү тапшырган. Ал сүрөт бардык жетекчилерге сабак боло тургандыгын айтканы жазылат маалыматта. Мындай көрүнүш Ташкент облусундагы Бекабад районундагы "Баатыр Малик" чарбасынын буудай талаасында болгон. Райондук администрациянын Суу чарба бөлүмүнүн башчысы Ибрагим Бердикулов да "жазалангандардын" арасында болгон. Алар өзүнүн "жазаланышын" негизсиз деп эсептегенин билдирген.

"Эгин талаасынын абалы чын эле жакшы эмес болчу. Бирок мен райондогу айдоо талааларына суу жеткирүү менен алектенем. Эгин талаадагы кесек топурактын майдаланбагандыгы үчүн мени кошо жазалады. Биз колубуздагы кесектерди сүрөткө тарткандан кийин гана таштадык", - деген Бердикулов.

Жер кадастры боюнча райондук бөлүмдүн башчысы Абдулла Умаров бул окуядан кийин кызматынан өз ыктыяры менен кетип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
monster_high_98
2018-11-02 09:03:16
Мына,иштейт деп ушуну айтат,мыйзамга баш ийбегендерди жазалап жатат, бизде мындан чон каталык кетирип, коррупциялык жол менен иштеп жатканын билсе да,чекесинен сылап отурушат
+7
Snejana
2018-11-02 09:24:58
monster_high_98,эч кимдин акысы жок! Ар бир адамдын оз укугу бар. Жаш баладай кылбай, башка жол менен, мыйзамдын чегинде жазалаш керек болчу.
+7
monster_high_98
2018-11-02 21:07:10
Snejana,Анда эмне бироонун акчасын жегенге укугу барбы?
0
almanbetperm
2018-11-02 09:37:07
Сууну кантип кесет, мумкун кечип болуп журбосун кабарчы кызжибек
+4
Jazdyn_tany
2018-11-02 10:01:06
Орто кылымдагы жазалоо
+5
Saidochka
2018-11-02 10:06:03
Jazdyn_tany,мыйзам жолунда жазаланбай жургондорго ушундай жаза Гана таасир этет.биздикилерге да ушундай жаза керек
+4
murat17
2018-11-02 10:46:58
Эн туура кылган Мирзиоев чыныгы патриот экен козум куйот бизде дагы ушундай президент болсо деп баары ушундай кичиней нерседен башталат биздечи ЖЭБ Ди тоногондор кээбирлери качып кетсе кээбирлерин калп эле Эл козуно камамыш болуп койду алар абакта веб камерада олтурушат Эгер ошол чиновниктерди дагы жонокой элди Ур токмоко алгандай и башталат целофон кийгизип кыйнашса алар дагы жегенин кусушмак
+3
urmat-77
2018-11-02 11:40:36
Ар бир адамдын өз укугу бар бирок элдин ырыскысын кыйган чиновниктерге туура катуу чара керек.ТЕЦтеги окуядан кийин биздикилерди кышкы чилдеде ич кийимчен аянтка чыгарып тургузуп койсо сонун болмок.Суукта үшүгөн сууктан ооруган шаар тургундарынын да укуктары корголушу керек.Калп эле абакта кармап анан ооруканага жаткырып дарылатпай.Өзбек президентине ДАҢК.Эли үчүн иштейт экен.Биздикилерди кудай урбайт.Кайра элди тоноп канын соруп ошондон ырахаттанышат.
+3
Gulnyr19
2018-11-02 15:50:41
Биздикилерди ушинтип жазаласа элестеткиле
+1
Azi81
2018-11-02 16:12:41
Биздикилерди арыктагы сууга эмес,гесстеги суу сактагычка салыш керек
+1
murat17
2018-11-02 17:15:05
Azi81,ГЕЦ ке ыргытып жибериш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан