Ысык-Көлдө "Абайла, айдоочу, балдар каникулга чыгышты" акциясы өтүүдө

Ысык-Көл облусундагы мектеп окуучуларына жол эрежелери үйрөтүлүп, кырсыкты алдын алуу иш-аракеттери жасалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын кызматкерлери облустун аймагындагы мектеп жана окуу жайларын кыдырып, окуучуларга жол эрежелерин үйрөтүп, алдыда каникул учурунда жолдо жүрүү эрежелерин сактоону түшүндүрдү. Ошондой эле мектеп мугалимдерине жана окуучулардын ата-энелерине каникул учурунда балдарына сак болуулары эскертилди. Ал эми облустун жалпы айдоочуларына "Абайла, айдоочу, балдар каникулга чыгышты" деген ураан менен атайын акциялар уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан