Борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы желек алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта флагштокту оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.
"Кечке маал желек кайрадан ордуна илинет. Азыркы тапта флагштокто адистер иштеп, зым арканды жаңылап жатышат", - дешти мекемеден.