Казакстанда белгисиз вирус жайылышы мүмкүн. Бул тууралуу Казак басылмалары өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Жандарбек Бекшиндин сөзүнө таянып жазышууда.
Маалыматка караганда, төрага айтып жаткан вирус 2018-жылы Африкада катталган.
"Дүйнөдө "Икс" аталышындагы жаңы вирус пайда болду. Ал бат мутация болгон коркунучтуу вирус. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган вирусту дүйнөлүк коркунуч катары сыпаттоодо. Белгисиз вирус Казакстанга да келип калышы мүмкүн ", - деп билдирген Бекшин.
Адистер азыркы тапта вирусту толугу менен изилдеп бүтүшө элек, мындан улам анын дүйнө жүзүнө жайылышы толук мүмкүн.