Кыргыз-Казак чек арасындагы "Каркыра" көзөмөл-өткөрүү бекети убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Каркыра" өткөрүү бекетинде иш 2019-жылдын 1-майында жанданат.
"Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда орун алган "Каркыра" бекети май айынан октябрь айына чейинки аралыкта иш алып барат. Аба ырайы бузулуп, кар түшүп, жолдо жүрүүдө тоскоолдуктар жаралганына байланыштуу өткөрүү бекети жабылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.