Апрель окуясында "снайперди атып өлтүргөнүн" айткан Эмил Кыштообаев 26-октябрда 47 жашында көз жумду.
2010-жылы 7-апрелде УКМКдан БТРди айдап чыгып, Ак Үйдү көздөй аткылаганын айтып берген Абдырайым Касымов ушул жылдын июнь айында көз жумган. Жакын досун жоготкондон кийин көпкө кайгырып жүргөн Эмил Кыштообаевдин жүрөк оорусу кармап Кажы-Сайда дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү өзү туулган Нарын облусундагы Эмгекчил айылында жерге берилди.
Апрель баатырларынын артында жубайлары жана экөөнүн тең бештен балдары калды.
Эмил Кыштообаевдин жубайы Гүлмира Азыбаева жолдошу Апрель окуясында каза болгондордун туугандары жана жаракат алгандарга колдоо көрсөтүү үчүн көп аракет жасаганын эскерип өттү.
"Досу Абдырайым экөөнү эч ким баалаган жок. Алар кайда жүрүшпөсүн элим, жерим деп үй-бүлөсүн экинчи орунга коюшчу. Ата журт үчүн деп канча жүрөгү ооруду. Аябай чоң жоготуу болду. Аларды көзү тирүүсүндө эч ким барктаган жок. Артында беш баласы калды. Эч кимисин үйлөнтүп тоюн, жакшылыгын көрө албай кетишти. Апрель окуясында каза болгондордун туугандарына турак жай алып берем деп чуркап жүрүштү. Кийин алдоо жолу менен алгандар үйдү бошотуп, "силер алгыла" деген сунуш болгондо "биз тирүүбүз да, 146 бала жарадар болду, ошолор алсын" деп чыгышкан. Ак дили менен чуркап жүрүштү. Досунун көзү өткөндөн кийин катуу кайгырды. "Буга чейин мындай дос күткөн эмес элем" деп канатынан айрылып жалгызсырап калды. "Ооруканага жаткандан көрө үйдөгү жумуштарды бүтүрөйүн" деп калчу. Бизге эч кандай жардам көрсөтүлчү эмес. Ал "жалдырабайм, Кудай деген кишимин" дечү", - деди Гүлмира Азыбаева.