Бишкекте тигүү цехиндеги жумушунан чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз табыла элек

Бишкекте Султанбаева Эльвира Мырзабековна аттуу жаран изделүүдө. Ал 3-сентябрда Бишкек шаарындагы Армейская көчөсү 150 дарегиндеги жумушунан чыккан боюнча үйүнө кайтып барган эмес. Изделип жактан кыз бул даректе жайгашкан тигүү цехинде иштеген.

Эльвира Султанбаева 1986-жылы туулган. Белгилери: Чачы кыска кыркылган, кара түстө. Бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү толмоч. Ошол күнү кандай кийинип жүргөнүн эстеп калган эч ким болгон эмес.

Эльвира Султанбаева тууралуу маалымат билгендер жана көргөндөр болсо, Бишкек шаардык Октябрь РИИБине төмөнкү номерлерге кайрылып коюуңуздарды өтүнөт:

Байланыш телефондору: 0 312 54 41 84; 0552 15 30 30; 0709 72 05 28; 0777 01 19 70; 0708 59 59 56.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suyor
2018-11-02 15:31:23
Цехте иштегендер жоголуп жатат негедир, анан эле апамдын номерини эстей албай калдым дешет
0
Feiza1982
2018-11-02 15:32:29
Аман эсен тезирээк табылып калса экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан