"Карышкыр кошунабыздын моюнунан тиштегенге аракеттенген". Майдан айылынын жашоочусу карышкырлардын айыл аралап элди талаганын айтып берди

Карышкырлар кол салган Майдан айылынын жашоочуларынын абалы жакшырып, үйлөрүнө чыгарылды. 23-октябрда эртең менен айылга эки карышкыр кирип келип тургундарга кол салган. Тургундар тарабынан карышкырлардын бири ошол замат кармалып өлтүрүлсө, экинчиси качып кеткен. Карышкырлар тургундардын биринин баш сөөгүн, калгандарынын буту-колун талап салган.

Карышкыр аталган айылдын тургуну Махмуд Исаковдун колун тиштеген. Ал карышкырлардын күндүз айыл аралап кириши биринчи жолу болуп жатканын белгилеп өттү. Анын айтымында, айыл тургундарынын көпчүлүгү окуя болгон учурда күнүмдүк иштер менен алек болуп жатышкан.

"23-октябрда эртең мененки саат 8дер чамасында кошунам экөөбүз мал айдап чыкканбыз. Баламдын алдына салып берип, өзүм кайтып келе жатып карышкырдын айыл аралап келип калганын көрдүм. Келип биринчи мага секирди. Мен моюнунан кармап оң тарапка жыкканга аракеттенгенимде чыканагымдан тиштеп алды. Окуя бир заматта болгондуктан, сол колумдун баш бармагына тиши тийгенби же тырмагыбы байкабай калдым. Кошунамдын сол колунун бармагын тиштеп, сөөгү сыныптыр. Иттерибиз чыгып алышып жатканда таш менен урдук. Үйүбүз мектепке жакын болгондуктан, окуучулар жолдо келе жатышкан. Жаш келин кызын бакчага алып бара жаткан экен, иттер чыгып калбаганда аларды да талап салмак", - деди ал.

Ошондой эле карышкыр кайда кеткенин айыл тургундары бири-бирине телефон аркылуу кабарлап турушканын белгиледи. Карышкыр башка айылга жеткенде өлтүрүлгөн.

"Жаракат алган аял эртең менен малдарды байлап жүргөн экен. Алардын байлоодо турган ити менен карышкыр алыша баштаганда аял аны таш менен уруп кууптур. Карышкыр жакын жердеги 2 метр жарга секирип кетет. Кийин экинчи уюн байлап жатканда карышкыр кайра келип ошол эле аялды тиштегенге аракет кылыптыр. Мойнунан кулагына чейинки жерин карышкырдын тиши тилип кеткен. Бирок кан тамырына жеткен эмес. Дагы бир кошунабыз бети-колун жууп отурганда карышкыр артынан келип басып калган. Ал башынан жаракат алды. Анан дагы бир иттин ичегисин чубап салыптыр. Алардын үйүнүн жанындагы адырдан ары кетсе тоого карап кетмек, бирок кайра айылга кирген", - деди Махмуд Исаков.

Жаракат алгандар Үч-Коргондогу ооруканада дарыланып, 31-октябрь күнү үйүнө чыгарылган. Аларга кутурмага каршы үч жолу эмдөө жасалган. Медициналык жардам тууралуу буларга токтолду.

"Ооруканага барганда кошунабыздын колунан кан көп кетип жаткан. Дарыгерлер биринчи медициналык жардам көрсөтүшү керек болчу. Алардын "бланка толтурабыз, эмне болду?" деп туруп алышканы бир аз ыңгайсыздык жаратты. Эмдөөлөрдү алдык. Бир апта дарыланып, үйгө чыктык. Ооруканага кабар алганы барган 75 жаштагы аксакал айылыбызда буга чейин карышкырлар адамдарга кол салбаганын айтты. Бирок түнкүсүн малга кол салган учурлар болгон. Азыр айыл өкмөттөн 20 миң сом бөлүнүп, мергенчилер жалданган. Алар тоонун арасынан издеп, карышкыр жок экенин айтышты. Койчулар, мал айдагандар болсо карышкырларды телефонго тартып алып жатышат. Буга эч кандай реакция жок. Жергиликтүү мергенчилерге эле уруксат беришсе, алар атмак", - деди Махмуд Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
madina.87
2018-11-03 05:43:24
Тооба кылдым, кудай сактаптыр, жаш балдарды жалгыз мал айдаганы жөнөтпөш керек экен да.
+9
Flowhive
2018-11-03 13:21:12
Ит баккан ислам динине туура келбейт дегендер бар беле
-4
Gena1
2018-11-03 16:27:10
Flowhive,Flowhive, дин жонундо соз болгон жок болчу. Бирок, мен дагы оюмду айтып коеюн: арам нерсе - арам бойдон кала берет, аны баары жасаса да. Парз - парз бойдон кала берет, ага бут дуйно каршы чыкса дагы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан