Ошто 86 миллион долларлык жаңы цемент заводунун ачылышына президент, эки экс-премьер жана депутаттар келишти (фото)
Бүгүн, 2-ноябрда Ош облусунда Араван цемент заводунун ачылышы өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков, мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев, Жоомарт Оторбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Өлкө башчынын айтымында, 2015-жылы ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгондо ага депутат Азамат Арапбаев кайрылып, заводдун курулушу жөнүндө айтып берип, көмөк көрсөтүүнү суранган. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгондо бул курулуш өзүнүн көзөмөлүндө болгонун айтты.
"Заводдун курулушуна 100гө жакын жергиликтүү тургун катышкан. Ал иштей баштаган соң 450 жаңы иш орун түзүлөт. Заводдун курулушуна 86 миллион доллар жумшалган. Долбоорду ишке ашырууга Кытай, Орусия, Түркия, Нидерланды жана Кыргыз өлкөсүнүн банктары жана ишкерлери катышкан", - деди Жээнбеков.
Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Араван цемент заводу жыл сайын 1 миллион тонна цемент чыгарат. Өлкөнүн түштүк аймагы толугу менен цемент менен камсыздалат. Мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашуун каражат түшөт.