SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайним тажатып жиберди" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Турмушка чыкканыма бир жарым жыл болду. Жолдошум экөөбүз шаарда турабыз, кайненем кичүү баласын жайында биздикине жөнөткөн болчу. Биздикинде жайы бою жүрдү, ошол эки айда эле тажатып жиберди. Жолдошума айтсам, "апама эмне дейм, үйдүн эрке баласы да" дейт. Эми анысы аз келгенсип кайнимди айылдагы туугандар "шаарга окусун" деп жатыптыр. Жакында эле кийим-кече алып бердик, ага 50 миңдей акча сарптадык. Кылган кылыктарын айтпай эле коёюн. Жолдошум туулган күнүнө алып берген айфон "6" уюлдук телефонун бузуп салды, шаарга келгенде 12 миң сомго планшет алып бергенбиз аны бир айга жеткирбей жок кылды. Айылга өзүн кетирип жиберели десек кичинекей, өзүбүз алып баралы десек кайра силер менен кетем дейт. Кайненемдин көзүнчө таштап келе албайбыз, анда чоң чыр чыгып кете турган болуп жатат. Кеңеш бергилечи, эмне кылып айылга кетирсек болот?" деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Кап, балээ болгон турбайбы! Көп кабаттуу үйлөр, көп машиналар бар экен деген немеге Айфон "6" үлгүсүндөгү телефонду ким коюптур. Ашка жүк жана башка жүк кылбай кетирип жибериш керек".
-"Жашы кичине, акылы толук жетиле элек окшойт, оюнчук тиги-бу дегенине караганда".
- "Телегейиңиз тегиз жашоо менен жашайт окшойсуз айдаганыңар Лексус, көтөргөнүңөр Айфон 6, бир балагы 50 миң сомго кийим алсаңар, анан Аллага шүгүр деп жашагандын ордуна чымындан пил чыгарыштын эмне кереги бар? Убакыт өтсө акыл кирет".
- "Чыдап жаша..."
- "Биринчи окуп баштаганда чоң эле кайниси окшойт деп ойлогом. Кыскасы тобо кылдым!"
- "Кайниң дагы жеңем тажатты, келгенине бир жарым жыл болду, жанды кашайтып мени батырбай жатат деп жатса керек..."
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.