Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун атасы Айылчы Боронов дүйнө салды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге вице-премьер-министрдин жакындары кабарлашты. Маалым болгондой, Айылчы Боронов бүгүн, 3-ноябрь күнү эртең менен көз жумган. Ал 83 жашта болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кубатбек Бороновдун атасы дүйнө салгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.