Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнөн кайрадан картошка сатып ала баштады. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, октябрь айынын ортосундагы эки өлкөнүн өкмөттөр аралык сүйлөшүүсүнүн натыйжасында өзбек тарап Кыргыз өлкөсүнүн 17 компаниясына картошка алып кирүүгө уруксат берген. Кыргыз дыйкандары менен “Наманган Универсал Савдо Инвест” компаниясынын ортосунда 2 миң тонна картошка сатуу боюнча келишим тузүлгөн. Учурда Өзбекстанга кыргыз тараптан 66 тонна картошка жөнөтүлгөн.
Парламенттин 18-октябрдагы жыйынында депутат Ирина Карамушкина дыйкандар картошкасын сата албай жатканын, Өзбекстан бир тараптуу киргизбей койгонун айтып чыккан.