Укук коргоочу Рита Карасартова Социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басары кызматына баруудан баш тартты. Укук коргоочу сунуштан эмнеге баш тартканын SUPER.KG'ге 4-ноябрда түшүндүрүп берди. Анын айтымында, ар бир кадр өзү терең билген тармакта иштегени дурус болот.
"Бул сунуш мага өкмөттөн бейшемби күнү келген. Бирок мен сунуштан баш тарттым. Себеби ар бир кадр өзү бараткан тармагын ийне-жибине чейин билиши керек. Мага жергиликтүү башкаруу багыты боюнча кызмат сунушталса иштеп бермекмин. Анткени бул багытта көптөгөн идеяларым бар. Илимий ишимди да жергиликтүү башкаруу тармагы боюнча жактагам. "Кызмат берди" деп эле сунушталган жерге баруу туура эмес", - деди Карасартова.
Карасартова 26-сентябрда акыйкатчы кызматына ат салышып өтпөй калган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 9 депутаты колдоого алган.