Өлкө аймагында 10 күн аралыгында жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалында унаа башкарып жүргөн 202 айдоочу кармалды. Ар кандай эрежелерди бузган 869 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан бүгүн, 5-ноябрда маалымдашкандай, 26-октябрдан 1-ноябрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында өлкө аймагы боюнча жалпы 15 миң 823 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Мунун ичинен 1 миң 961 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 41, коопсуздук курун тагынбаганы үчүн 3 миң 932 айдоочу, жол белгилерин сактабагандыгы үчүн 2 миң 410 айдоочу жоопко тартылган. Ошондой эле унаа башкарып баратып уюлдук телефон менен сүйлөшкөн 2 миң 805 айдоочуга айып пул салынган.