Бүгүн, 5-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн маалымат булактарына Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Аскарбек Шадиевдин билдирүүсү жарыяланды. Анда Шадиев өзүнө ачылган 3 кылмыш ишин "саясий куугунтук" деп атады жана депутаттык мандаттан мыйзамсыз ажыратылганын билдирди.
"Мага байланыштуу окуялардын баары саясий куугунтук. Мени эптеп камап, мүлкүмдү тартып алуу аракети жүрүп жатат. Ошондуктан үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болдум, мен тазамын", - дейт Шадиев. Ал өлкөдөгү сот адилеттүүлүгүнө ишенбей турганын айтат. “Мен депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу эч кандай арыз жазган эмесмин, "Бир болдун" депутаттарына жасалма арыз берилип, ошонун негизинде фракциядан мыйзамсыз чыгарып салышты. Азыркы абалды көрүп-билип тургандыктан, мен мандатка жабышпайм. Бирок мени депутаттык мандаттан ажыратуу одоно мыйзам бузуу болду”, - дейт ал.
БШК Шадиевди 2-ноябрда мандаттан ажыраткан. "Бир бол" фракциясынан Шадиевдин арызынын көчүрмөсү түшкөн. Биз арыздын оригинал же жасалма экенин текшергидей тергөө органы эмеспиз", - дейт БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов. Шадиевдин арызынын жасалма же жасалма эместигин тергөө органдары текшереби же текшербейби белгисиз. Бирок анын АКШда туруп арыз жазып жибергенине ишенүү кыйын.
Быйыл Шадиевге 3 кылмыш иши ачылды. Ал "кызматтык абалын кыянат пайдалануу", "чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "мыйзамсыз жол менен алынган акчаны же мүлктү легалдаштыруу" боюнча айыпталууда. 6 айга созулган тергөө Шадиевсиз жүргүзүлүп, сот да айыпталуучунун өзүнүн катышуусу жок башталды. 2017-жылы Текебаевдин ишинде "Ата Мекен" башынан аягына чейин лидерин колдоп турду. Ал эми "бир болчуларда" Шадиевге карата андай колдоо байкалган жок. Тескерисинче, Шадиевге сот чечими чыга электе аны фракциядан кууп чыгышты. "Бир болчу" Улукбек Ормонов Шадиевдин бүгүнкү билдирүүсүн сындап, "айтчу сөзүн Кыргызстанга келип айтсын" деди. 1 жыл мурун Шадиевдин талапкерлиги биринчи вице-премьерликке сунушталганда Ормонов "бул кызматка Шадиевдин сунушталганы эӊ туура болду. Бир дагы фракцияда Аскар Алимбаевичке теӊ келе турганы жок" деген. Бир жылда эмне өзгөрдү? Ал кезде Шадиев Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу Жогорку Кеңештин депутаты да, өкмөт башчынын биринчи орун басары катары чиновник да болгону турган. Азыр ал өзүнө каршы козголгон кылмыш иштерин “саясий куугунтук” атап чет өлкөдө качып жүргөн кези. Фракция лидери Алтынбек Сулайманов да Шадиевдин билдирүүсүн сындады.
Шадиевдин "сот адилеттүүлүгүнө ишенбейм" дегени анын азырынча өлкөгө кайтып келбей турганын билдирет. Убагында Максим Бакиевдин кеӊешчиси болуп турган Евгений Гуревич жакында "Азаттыкка" курган маегинде Кыргыз өлкөсүндө сот адилеттиги жоктугу үчүн өзүнүн айыбы жок экенин Кыргыз сотунда далилдөөгө аракет кылбай турганын айткан эле. Жакында Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан да өлкөдө адилеттик жок экенин, азыркы бийлик “коррупция менен күрөшөбүз” деп саясий шоу уюштуруу менен алек экенин айтып чыгып, башка өлкөдөн баш калка сурады. Элчи мындай маалыматты жарыялаары менен президент аны кызматтан бошотту. Сот адилеттиги жок өлкөдө өнүгүү болбой турганы өкмөт жана парламент жыйындарында, президенттин эл менен жолугушууларында такай айтылып келет. Бирок андай адилеттүүлүктү жарандар таппай келе жатышат...
"Коопсуз шаар" долбоору боюнча даттанууларды караган көз карандысыз комиссия маалымат жыйын өткөрдү. Комиссия өкүлү Эдил Эралиев комиссиянын чечими шашылыш, 1 сааттын ичинде жокко чыгарылды, биздин пикир сотто эске алынган жок дейт.
Даттанууларды караган көз карандысыз комиссия - Мамлекеттик сатып алуулар департаментине караштуу мекемелер аралык адистерден турган топ.
Мындан 1 ай мурун "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сынакта жеӊилип калган "Маалыматтык коопсуздук системи" компаниясы сынак мыйзамсыз өттү деп чыккан. Компания өкүлдөрү жогоруда аталган комиссияга арыз менен кайрылган эле. Алар сынакта жеӊүүчү деп табылган "Вега" ишканасын коопсуз шаар курууга тажрыйбасы жок деп айыптап жатат. Тендерге катышууда көрсөткөн жабдыгы жараксыз, ал жолдо аз ылдамдыкта бараткан унааны да жогорку ылдамдыкта баратат деп фото-видеого тарта берет дейт компания өкүлү Юрий Катютин. Көз карандысыз комиссия бул даттанууну негиздүү деп таап, Байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетине сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган. Бирок комитет көз карандысыз комиссиянын сунушуна макул болгон жок. Комитет көз карандысыз комиссиянын чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылып, Бишкектин райондор аралык соту арызды канааттандырды. Буга чейин депутат Акылбек Жапаров көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү компьютер аркылуу тандаларын, комитеттин ал комиссияны сотко бериши акылга сыйбаган иш экенин айтып чыккан. "Силерге жакпаган чечим чыгарып койсо эле сотко бере бересиӊерби? Минтсеӊер силерге бир дагы киши көз карандысыз эксперт болбойт", - деди депутат комитет өкүлдөрүнө.
Сапар Исаковдун өкмөтү кытайлык “Хуавей” компаниясы менен келишимден чыккан соң "Коопсуз шаар" долбоорун жергиликтүү IT-коомчулугунун жардамы менен ишке ашырмакчы болуп ишке киришкен эле. Бирок Абылгазиевдин өкмөтү ал аракетти уланткан жок. Сот орусиялык “Вега” компаниясынын пайдасына чечим чыгарды. Коомчулукта баштагы кооптонуу дале турат - өлкөнүн коопсуздугун көзөмөлдөөнү чет элдик аскер концернине карматуу канчалык туура? 6 жылдан бери ишке ашпаган долбоордун ушундай талаш-тартыш, шектүү жагдайлар менен ийгиликтүү иштешине да күмөн туулат...
Саясий илимдердин доктору Канатбек Азиз мыйзамга ылайык, депутат Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен кетирүүнү же кетирбөөнү фракция өзү чечиши керек дейт. Айтымында, партиянын сунушу Өмүркуловду лидерликтен кетирүүгө негиз болбойт, бирок парламенттеги КСДП фракциясынын ичинде ажырымды күчөтөт. Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов өӊдүү Атамбаевдин тарапташтары Өмүркуловду фракция лидери катары таануудан баш тартат, иш жүзүндө КСДП фракциясы өз ичиндеги нааразы депутаттарынан ажырайт деген ойдо.
Айта кетсек, Иса Өмүркулов өткөн аптада "партиянын негизги максатына жана жобосуна каршы аракети үчүн" деп КСДПдан чыгарылган. Буга чейин депутат Кожобек Рыспаев да ушундай эле жүйө менен партиядан куулган эле.
Канатбек Азиз КСДПнын уставынан Иса Өмүркулов же Кожобек Рыспаев бузду деген жобону таппаганын айтат. КСДПнын негизги максаты "Кыргыз Республикасында күчтүү экономикалык потенциал түзүү, жарандык коомдун позициясын бекемдөө жана укуктук мамлекетти куруу" экенин айткан юрист Өмүркулов да, Рыспаев да бул максаттарга каршы маселе көтөрбөгөнүн белгилейт. 2010-жылга чейин Конституцияда эгер депутат партиядан чыкса же чыгарылса, ал мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаттан ажырай турганы жазылган. 2010-жылкы Конституциядан бул норма алынган жана депутаттардын көз карандысыз иш жүргүзүүсүнө шарт түзүлгөн. Айтор, партиянын Жогорку Кеӊештеги өзүнүн фракциясына күчтүү таасири болбойт. "Партия жоюлуп кетсе деле, парламенттеги КСДП фракциясы өзүнүн 5 жылдык мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек", - дейт юрист. Коомчулукта да Өмүркуловду фракция лидеринен кетирүүнү же калтырууну Атамбаев эмес, фракциядагы 36 депутат чечет, Атамбаев түптөөгө өзү салым кошкон системдин курмандыгы болду деген пикирлер байма-бай айтылууда...