Асылбек Жээнбеков колдонулбай турган мамлекеттик объекттерди ижарага берүүнү же сатууну сунуштады

Мамлекеттик объекттер пайдаланылбаса аларды ижарага берүү керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков билдирди.

Ал мамлекеттин карамагындагы колдонулбаган объекттерди мамлекетке пайда алып келе тургандай иштетүү керек экенин айтты.

"Колдонулбаган объекттерди кармап тура берген болбойт, аларды ижарага берип же сатуу аркылуу мамлекеттик бюджетке каражат алып келүү керек", - деди Жээнбеков.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев учурда колдонулбаган объекттерди ишкерлерге ижарага берүү пландалып жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө өлкө боюнча колдонулбай турган 97 объект бар. Аларды жакын арада ишкерлерге берүү боюнча сунуштар иштелип жатат”, - деди Түлөбердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ka2sr1
2018-11-05 11:58:08
Жээнбеков тууган туушкандарына “чык эшикке” дейби? же жокпу. Болгону, Атамбаевдин “ эрке баласы” болуп жүрүп Жээнбековдор бийликке келгенден баштап Асылбек Жээнбеков Жогорку Кенештин Кудайына айланыптыр. Анысы аз келгенсип СДПКны болуп жарып, озуно менчиктеп алгысы келип жаткан окшойт. "Калптын казанын кайнатам" деп чыккынчы болуп, АШАны жок жерден жамандап жатканы да бекер эмес.
+1
Dembele84
2018-11-05 12:11:44
Ka2sr1,Асылбек Жээнбеков качантан бери парламентте депутат болуп турса,эмнеге аны чык эшике дейт эле?Как будто президент болгондон кийин аны депутат кылып алып келип койгондой суйлойсунор да!
0
TalaCSKA
2018-11-05 12:46:14
Dembele84, Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланган кундун эртеси эле депутаттык мандатын тапшырыш керек болчу эгер моралдык принципи болгон болсо тапшырган жок значит моралдык принципи жок адам деп таанышыбыз керек ар нерсени айтып аны колдогон адамдын озунун моралдык принципи жок адам!!!
0
bond02
2018-11-05 12:05:45
Сен да сатканга уста окшойсун. Сатканда каякка, Кытайга же башка мамлекетке да оюнда.
+6
salimbek87.kg
2018-11-05 12:19:54
Турса тура берсин ошол обьектилер ушул кетиш болсо башка жайыңырды да сатасыңар андан көрө ошол обиектилер ди ишке түшүрсө болбойбу сатышка уста жеп жутарлар
+3
pat12
2018-11-05 12:30:05
Жаныш Бакиев менен Асылбек Жээнбековдун эч айрымасы жок экен.
+5
Arlenchik
2018-11-05 12:38:43
Асылбек кысчы! саттылып кеткен обьектерди мамлекетке кайтара албай жатса кайра саталы дейт, албетте буларда бийликте турганда сатып пайдаланып алалы деп ататда, тушунуктуу эле болуп турбайбы, эми мунун созун колдоп баардыгы сатканга чечим чыгарышат, жээнбековтор бийликте турганда туура эмес суйлосода туура деп баш ийкеп колдоп турушат жепжутарлар.
+5
barakcha
2018-11-05 15:32:39
Акасынын маалында талтандап алайын деп атса керек.Сатымыш болуп озу сатып алгысы келип...Оооо булар оттто куу да саясатчылар!
+1
Alia82
2018-11-05 17:16:39
5млнго сатса 5минге сатты кылып жеп калыш кк да азыр баары анын оозун карап турганда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан