Депутат Төрөбай Зулпукаров Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевге "насыялык келишимди ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүрөбү же Дүйнөлүк банктын мыйзамына ылайыкпы" деп суроо берди.
Эл өкүлү интернетти жакшыртуу жана санариптештирүүгө багытталып алынып жаткан насыяга ким жооптуу болоруна кызыкты.
"Буга чейин эл аралык уюмдардан алынган каражатты иштетүүдө мыйзамыбызга туура келбеген шарттарды коюшкан. Бул насыя да ошондой маселе жаратпайбы? Ким жооп берет буга? Кийин эл аралык келишимди өзгөртүп болбойт", - деди Зулпукаров.
Шаршембиев бул багытта юристтер иштеп жатканын эске салды. Зулпукаров юристтер буга чейин эле бул маселени карап чыгышы керектигин эскертти.
Учурда тармактык комитетте Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашуу каралып жатат. Макулдашууга ылайык, интернетти жана санарипти жакшыртуу боюнча 50 миллион доллар алынып жатат. Анын 50 пайызы насыя, 50 пайызы гранттык негизде. Каражат 0,75 пайыздык үстөк менен алынып жатат.