"Пенсия төлөөгө жумшалчу каражат ай сайын өзгөрүп турат. Буга пенсионерлердин санынын көбөйүп жатышына байланыштуу". Мындай пикирин социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев депутат Тариел Жоробековдун суроосуна жооп берип жатып айтты.
Төраганын айтымында, учурда пенсионерлердин саны күн санап өсүп жатат.
"2018-жылы пенсияга кошумча 474 миллион сом каралган. Ал эми 2019-жылга карата 659 миллион сом бөлүү пландалды. Учурда 648 миң пенсионер бар. Жылына 40 миң жаран пенсияга чыкса, 20 миң пенсионер каза болот. Пенсионерлердин саны өсүп жатат. Быйыл пенсионерлердин 38 пайызына 100 сомдон кошулат", - деди Ирсалиев.
Учурда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат.