Сайдулла Нышанов социалдык фонддун төрагасына: "Буюрса, сиз премьер-министр болосуз. Азыркы өкмөт башчы да сиздин ордуңузда иштеп кеткен"

"Буюрса, сиз премьер-министр болосуз. Азыркы өкмөт башчы да сиздин ордуңузда иштеп кеткен". Мындай пикирин депутат Сайдулла Нышанов Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге карата айтты.

Нышанов Социалдык фонддо иштеген кызматкерлердин айлыгы төмөн экенин айтып, каражат таап, маянаны көтөрүүнү сунуштады. Аталган мекеменин төрагасы Ирсалиев бул маселенин үстүндө иштей турганын билдирди. Нышанов төрага жакшы иштеши керектигин билдирип, алдыда ал премьер-министр болушу мүмкүн экенин эскертти. "Азыркы премьер-министр да Социалдык фондду башкарып кеткен", - деди депутат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев социалдык фонддун төрагасы болуп 2010-2016-жылдары иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asman.81
2018-11-05 12:43:38
Пахта коюш башталды!
+2
azamat85
2018-11-05 14:47:19
Ушул киши кошоматчылыгын койбоду...
+4
admin_superstan
2018-11-05 15:21:20
Beka9393,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт! БАНга!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан