Баткенде 22 адам жабыркап, 1 киши каза болгон жол кырсыгы. Оор абалда жаткан 2 жүргүнчүнүн абалы жакшыра баштады

17-октябрь күнү Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркагандардын ичинен оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткан 2 адам жалпы бөлүмгө которулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда SUPER.KG порталына облустук оорукананын башчысы Нурлан Салиев билдирди.

Анын айтымында, баш сөөгүнөн оор жаракат алган эки бейтап 3 жумага жакын убакыт оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткан.

"Жол кырсыгынан жабыркаган 2 адамдын абалы оор болчу, 2 күн мурун алардын абалы жакшырып палатага которулду. Учурда бардык тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Буттары сынган 7 адамдын ичинен 3 адамга операция ийгиликтүү жасалып, үйлөрүнө чыгарылды. Дагы 4 адам операцияга даярданууда", - дейт Салиев.

Эске салсак, 17-октябрь күнү кечке жуук Ош-Баткен-Исфана жолунда жол кырсыгы катталган. Анда киши жана жүк салып бараткан эки Мерседес-Бенц Спринтер карама каршы келе жатып сүзүшө кеткен. Натыйжада 22 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, оор жаракаттан улам 1 адам каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
HypcylTAH
2018-11-05 16:20:03
Азыр жолдо журуудон деле коркосун.

Границага бир жарым суткада бир коз ирмебей журокту колтуктап келдим, кайсы жерде каяка кирип, ким мн сузушот экен деп!

Айыгып кетишсин батыраак, жаткан жерлери жайлуу болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан