Айыл өкмөт башчы: "Ноокенде жалгыз уулу тарабынан сабалып, каза болгон аял акыркы сөзүндө "уулума тийбегиле" дептир"

Ноокенде өз апасын сабап өлтүрүп койгон жаран 2 айга камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы 30-октябрда каралганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.

Маркумдун уулу апасын сабаганда мас абалда болгону айтылган. Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Махаматали Султанов шектүү үй-бүлөдө жалгыз уул болгонун айтты.

"Ошол күнү окуя болгон жерге бардык. Апасын ооруканага алып кетишкен экен. Ал эми уулун милиция кызматкерлери алып кетишиптир. 2-3 сааттан кийин апасы каза болгону тууралуу кабар келди. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча элге маалымат беришкен жок. Азыркы күндө тергөө жүрүүдө. Ал үй-бүлөнү жакшы таанычубуз. Баласы жоош болчу, бирок буга чейин абакта отуруп чыккан. Эмне боюнча камалганын билбейт экенмин. Үйдө жалгыз уулу болчу. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кызы бар. Апасы акыркы сөзүндө "уулума тийбегиле" деп айтыптыр", - деди Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы.

Айта кетсек, окуя 28-октябрда болгон. Анда райондук ооруканага 66 жаштагы аял оор абалда келип түшүп, ошол эле күнү көз жумган. Дарыгерлер ал аял катуу соккудан баш мээси катуу жаракат алып, өпкөсү жарылып кеткенин көрүшкөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Ноокенде 42 жаштагы жаран өз апасын сабап өлтүрүп койду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bazana
2018-11-05 13:27:25
Эне, эне ...
+1
Asyl10
2018-11-05 13:39:09
Ай Кудай аай эмне деген заман болуп баратат, андай зоокур баладан коро жогу артык. Ошол баласы торолгондо эне байкуш кандай суйунгон болуш керек, оз баласынын колунан коз жумам деп ойлобосо да керек. Энесин олтургон зоокурлорду дароо эле олум жазасына тартыш керек. ХХХХХХХ Эмне кылат андай айбандарды турмодо багып. Мурда да отуруп чыккан экен, адам болбоптур,демек мындай ХХХХХХХдын жашоого акысы жок. ХХХХХХ Байкуш эне бейиши болсун
+6
Asyl10
2018-11-05 13:42:38
Бир келесоонун суйгону "энендин журогун алып келсен анан сага тийем" деген экен. Ал зоокур уйуно барып,энесин олтуруп журогун которуп алып чуркап баратып жыгылып калса,эненин журогу "балам катуу тийген жоксунбу" -деген экен. Ошондой эле болуптур да, олтургончо урса да "балама тийбегиле" деген эне журогу. Ошол баласын элге таш баранга салып бериш керек. Илгерки заманда эн туура кылышкан экен эл таш баранга алып.66 жаш -бул орто эле курак да,дагы коп жашамак ит балас
+6
Tansuluu09
2018-11-05 14:44:39
Козго жаш келетко(
0
rysik79
2018-11-05 15:39:44
Апасын да олтуруп озун да олтуруп. Кудайым жин шайтандын азгырыгынан сактай кои.
-2
Aidaraly
2018-11-06 00:14:37
Эне журогунун кендигин караныздарчы уулу олтуруп, жанын алып жатса да, узулуп баратып баласын калкалап жатканы н
0
Farkhat07.05.89
2018-11-06 00:49:58
Соз жок....Ыйлагын эле келетко.Козго жаш тегеренип
0
jasgul
2018-11-06 10:34:49
эмне кылыш керек, керээзди аткарыш керек. Анан озун-озу ичтен жеп журуп бутот акмак....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан