"Кыргызалтындын" башчысы: "Мамлекеттин 2 эле алтын кени бар. Аларда да алтын калбаганы үчүн казуу иштери токтоду"

"Кендерден 2 жол менен каражат түшөт. Ал салык жана дивиденд". Мындай маалыматты "Кыргызалтын" мекемесинин төрагасы Алмаз Алимбеков Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл кендерден салык аз түштү. "2017-жылы кендердин салыгы катары 510 миллион сом төлөдүк. 2018-жылы бул каражат аз болду. Себеби кендер жабылып жатат. Быйыл эми дивиденд тарабынан көбүрөөк төлөйбүз деп жатабыз", - деди Алимбеков.

Комитеттин төрагасы Эмил Токтошев "Кумтөр" кени боюнча келишим эмне болгонуна кызыкты. "Сүйлөшүү жүрүп жатат. Бүтө элек али. Келишим шарттары аягына чыкканга чейин дивидендди калыбына келтиребиз", - деди Алимбеков.

Анын айтымында, буга чейин мамлекеттин өзүнө тийиштүү 12 кен болгон. Учурда Макмал жана Солтон-Сары кендери гана иштеп жатат. Аларда да алтын калбаганына байланыштуу казуу иштери токтоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Daniel01
2018-11-05 15:39:45
Ушул депутаттар элди алдап жатып алдаган создоруно оздору дагы ишенип кетейн дешсе керек ээ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан