Өкмөт көрүүсү начар студенттер окуган медициналык окуу жайын жабууну сунуштады

Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында көрүүсү начар студенттер окуган Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын алдындагы медициналык окуу жайын жабуу сунушталды. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова окуу жайды жабуунун негизги себеби катары төмөндөгүлөрдү түшүндүрдү.

“Аталган окуу жайда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар массаж адистиги боюнча билим алышат. 2017-2018-жылдары 5 адам окууну бүтүргөн. Учурда 18 студент билим алат. Ал эми окуу жайда болсо 15 адам эмгектенет. Ошол себептен аз адам билим алган окуу жайды кармабай аны жоюп, билим алган студенттерди Бишкек медициналык колледжине которуу демилгеси келип чыккан. Учурда бул боюнча чечим чыга элек. Эгер чечим чыкса, көрүүсү начар студенттерге мамлекет тарабынан жардам көрүлөт", - деди Өмүрбекова.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев окуу жай жабылып, андагы студенттер башка жакка которулса, көрүүсү начар студенттер коомдук транспортко түшүүдө кыйынчылыктар жараларын айтты.

“Аталган окуу жайында көрүүсү начар студенттер билим алышат. Алар окуусун бүтүп мамлекеттик жана менчик ооруканаларга орношуп иштеп келишет. Биз аталган окуу жайдын жабылышына каршы чыкканбыз, анткени ал жер көрүүсү начар студенттер үчүн ыңгайлуу жана ал жерден алган диплому менен жумушка орношуу да оңой. Окуу жайды жаап, студенттерди Бишкек медициналык колледжине которуп койсо, көрүүсү начар адамдар транспортто жүрүүдө кыйынчылыктарга кабылышат”, - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан