Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.
Ибраимовдун айтымында, бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыккан.
"Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берет. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат. Эң башкысы, биздин пландарга ылайык, патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат", - деген Тамерлан Ибраимов.
Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи - кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч - кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чараларды жана кубаттоо ыкмаларынан турат.
Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча долбоор 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдардан тартып реформа бүт өлкөнү камтыйт.
Президент эксперттик жумушчу топко аткарган жумуштары үчүн ыраазычылык билдирип, иштелип чыккан стратегия менен иш-чаралар планын колдой турганын жана аларды ишке ашыра баштаса болорун белгилеген.