Бишкекте итти өлтүргөнгө айыпталган адамга сот эртең чечим чыгарат

Итти уурдап кетип, өлтүрүп салган адамдын иши боюнча сот эртең, 6-ноябрда чечим чыгарат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жоголгон Спайсик аттуу иттин ээси Гуля Алмамбетова кабарлады.

Анын айтымында, Спайсикти уурдаган адам 3 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Бүгүн Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда иттин өлүмү боюнча соттук отурум болду. Жарыш сөздөр жыйынтыкталды. Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуну 3 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Соттун чечимин эртең саат 11де угуп кеткиле деп айтышты", - деди Гуля Алмамбетова.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын тургуну Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына Спайсик аттуу итин уурдап кетип, өлтүрүп салган адамдын иши сотко өткөнүн кабарлаган. Спайсиктин өлүмүн 9 жаштагы уулу оор кабыл алып, психологдордун жардамына муктаж болгонун жана бул иштин аягына чыгуу үчүн бардык күчүн жумшай тургандыгын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Salaf
2018-11-05 21:32:02
Обу жоктор, баланы ит менен тарбиялап ит кыял кылып салышканго, биздин балдардын ит-мышыктары өлсө 2-3 күндө унутушат, себеби тарбия ит-мышык менен болбогон.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан