Индонезияда жүргүнчү ташыган Боинг 737 учагынын кырсыкка учурашынын болжолдуу себеби аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Кара кутуга" жазылган маалыматтарга ылайык, кырсыктын келип чыгышына аба ылдамдыгын көрсөтүп туруучу атайын аппараттын иштебей калгандыгы себеп болгон. Мындан улам учкучтар ылдамдык менен бийиктик тууралуу туура эмес маалыматка ээ болуп турушкан. Учурда кара кутуга жазылып калган маалыматтар толук изилденип бүтө элек.
29-октябрь күнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 05:30 чамасында Жакарта шаарынан Панкалпинанг аралына багыт алган учак Ява деңизине кулаганы кабарланган. Учакта 182 жүргүнчү жана 7 экипаж мүчөсү болгону жана алардын арасынан аман калгандар жок экени маалымдалган.