Кыргыз жарандары Сербияга визасыз бара алышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, ушул жылдын 8-ноябрынан тарта Кыргыз өлкөсү менен Сербия мамлекетинин ортосундагы визасыз режим келишими күчүнө кирет. Ага ылайык, Кыргыз жарандары Сербия мамлекетинде 90 күн визасыз жүрө алса, Серб жарандарына дагы ошондой укук берилген. Мындай келишимдин максаты эки өлкөнүн соода-сатык, инвестициялык мамилелерин чыңдоо, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган.
Сербия Кыргыз жарандары визасыз режим менен барууга мүмкүн болгон 63-өлкө болуп калды.
Эки өлкөнүн ортосундагы визасыз режим тууралуу келишимге өткөн жылдын декабрь айында кол коюлган.