Экономика министри Олег Панкратов: “Кара-Балтадагы "Жунда" заводу ишин токтотту”

Кара-Балтадагы Кыргыз-Кытай "Жунда" мунай иштетүүчү заводу ишин токтотту. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Министрдин билдиришинче, заводдун токтотулушу салык төлөөдөгү маселеге байланыштуу болгон.

"Учурда аталган заводдогу соттук иш заводдун ишин оорлотууда. Азыр ишканага карата ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Бүгүнкү күндө заводдон келип түшүүчү салыктын чыгымы 200 миллион сомго жакын”, - деди Панкратов.

Учурда өкмөттө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asman.81
2018-11-06 12:03:40
Мамлекетке миллиондоп акча тогушот эле деп ооз коптуросунор,бирок чынына келгенде кимдин чонтогуно кетип жатат?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан