"Бул туура эмес". Премьер-министр Кыргыз экономикасы "Кумтөрдөн" көз каранды болуп калганын айтты

"Экономикабыздын абалы "Кумтөр" алтын кенинен көз каранды болушу жакшы эмес". Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү 6-ноябрдагы өкмөт жыйынында айтты.

Өкмөт башчы "Кумтөр" кениндеги алтындын үлүшү азайганына байланыштуу башка кендерди иштетүүгө шарт түзүлүшү керек экенин кошумчалады.

“Өткөн жылы "Кумтөр" 17,5 тонна алтын өндүргөн. Учурда кендин курамындагы алтындын үлүшү азайганына байланыштуу быйылкы жылы 16 тонна алтын өндүрүлөрү күтүлүүдө. Былтыркыга салыштырмалуу 1,5 тоннага аз болууда. Биз буга карабай башка алтын кендерин иштетүүгө, аларга шарт түзүп берүүгө күчүбүздү жумшашыбыз керек. Бир чоң кенден экономикабыздын көз каранды болушу туура эмес. Алдыда тышкы карызды төлөөнүн оор графиги келе жатат. Пенсиянын көлөмүн жана маяналарды көтөрүү керек. Мунун баарын аткаруу үчүн бирдиктүү иш алып баруубуз зарыл”, - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sahka
2018-11-06 16:01:35
Вай-ваай. Буларга коз каранды болуп калгандыгы эми мээсине жетиптир го атан горууу. Чатак болду го
+1
Belekus
2018-11-15 01:34:56
Sahka,озунун мурунан нары корбойтта эч нерсени
0
555-777
2018-11-06 16:51:44
Кошуналар жан талашып олкосуно инвестиция алып келишип экономикасына эбегейсиз салым кошуп онуктуруп жатышат а биздикилер болсо колтугунун жунуно чейин сатып жок кылышат окшойт.Урматтуу Мухаммедкалый Дуйшокеевич муну кандай тушунсо болот бир эле Кумторго коз каранды болбой башка кендерди да иштетишибиз керек. Ошондо Кумторго да кытайларга да коз каранды болуп калабызбы? Озубуздун кен байлыктарыбызды озубуз иштете албасак анан дагы иштеткен адамдардан коз каранды болсок бул эмне деген мамлекет?
+1
Belekus
2018-11-15 01:36:05
555-777,жеп жутам деген бийлик болсо онукконго шарт болбойт
0
tursunbaev78
2018-11-06 21:46:23
жакшы дагы Кумтөр бар экен
0
Alinur96kg
2018-11-08 00:09:43
Азырынча го алтын бар экен. Ал деле тугонот бир убактарда. Келечектеги муундар кантишээр экен. Баарын сатып жок кылып атабыз, монгулорду жылдырып аны да убагынан мурда эритип атабыз.Ото эле кыйын болот ко. Аларды ойлогон эч ким жок.
0
Belekus
2018-11-15 01:34:22
Мукан байке эми билдиби? соцфонддо жургондо эч нерсе корбой журду беле?
0
jaazira13
2018-11-15 01:37:02
геолог Орозбек Дуйшеев Кыргызстанда 80 миллиардка алтын, кумуш бар деп айткан, урматту премьер мына силерге жооп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан