Дүйнөнүн эң сексуалдуу алып баруучусу аталган сүйүктүүсүнөн кол үзгөн киберспортчу унаасынан, үйүнөн да ажырады

Буга чейин 23 жаштагы белгилүү киберспортчу Дуглас Мартин компьютердик оюндар үчүн дүйнөдөгү эң сексуалдуу алып баруучулардын катарын толуктаган сүйүктүүсүнөн кол үзгөнү маалымдалган.

Мындан көп өтпөй киберспортчу унаасынан жана үйүнөн ажыраганын интернеттеги баракчасына жазып чыкты.

"Акыркы 24 саат ичинде унаамды таштанды ташуучу унаа сүзүп кетсе, үйүм толугу менен күйүп кетти", - деп жазган Мартин.

Июль айында Дуглас Мартин алып баруучу Янет Гарсия менен болгон сүйүү мамилесин үзгөндүгү тууралуу маалымдагандан соң бир нече турнирлерде жеңилүү ызасын тарткан. Мындан улам анын "СompLexity Gaming" командасы эң мыкты командалардын ондугуна да кирбей калган. Жыйынтыгында Мартин командадан кетүү чечимин кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bekalife
2018-11-06 22:18:27
Ммдаа...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан