Жалгыз үйү барлардын үйүн кепилдикке алып насыя берүүгө тыюу салуу керек. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.
Эл өкүлү мунун себебин жалгыз үйүн кепилдикке коюп, алган насыяны төлөй албай үйүн тарттырып жибергендердин көп болуп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
“Малайзияда жалгыз үйүн кепилдикке койгондорго насыя берилбейт экен. Биз да ошондой кылышыбыз керек. Жалгыз үйүн кепилдикке коюп, аны төлөй албай банкротко учурап, көчөдө калгандар жарандар көп”, - деди Жапаров.