СУПЕРСТАН: "Келин жаман эмес, барган жеринен баары чечилет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кантип татыктуу келин боло алабыз?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Кыз кишинин барар жери күйөө. Ар бир татынакай бийкеч келечекте бирөөнүн келини. Ар бирибиз жеңелерди, келиндерди сындаган сөздөрдү уккан чыгарбыз, келин тууралуу жаман-жакшыны айтышат, эми теманын максаты бийкечтерди турмушка даярдоо. Кана кыздар, айткылачы, кантип татыктуу келин боло алабыз? Кантип бир үй-бүлө очогун, коломто отун өчүрбөй үлгүлүү келин боло алабыз? Көптү көргөн улуу адамдардан, мырза, айымдардан кеңеш күтөбүз, кандай кыз татыктуу келин болот? Кыргыздын чыныгы келини кандай болушу керек?" - деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Жеке оюм. Адам башкалардан кандай мамиле күтсө, алдынан өзү ошол мамилени жасашы керек. Бактылуу болом десең, башкаларга да бакыт тартуулай бил дегендей эле да".

- "Мен бул темада акылдуу боло албайт экенмин. Бирок жооп жазчулар деле аз, өтө аз болушу керек".

- "Акылдуу эле болгонуң жетишпейт, акылдуулук менен жашаш керек!"

- "Келин жаман эмес, барган жеринен баары чечилет. Мисалы, жаңы келин болуп бир бүлөгө кошулуу айтканга оңой болгону менен, башка келгенде кыйын эле. Барган үй-бүлөнүн тартиби кандай болсо ошого көнүп кетет. Мисалы, жакшы үй-бүлө болсо жакшы жагына, жаман болсо жаман жагына оойсуң. Ар бир кызды ата-эне жакшы тарбиялайт, келин болгондон кийин калган жашооңду барган жериң тарбиялап алат, ошентип жашоо өтө берет".

- "Кыз - бирөөнүн бүлөсү. Айтар кеңешим ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, чыдамкай болсоңор эле турмушта мөөрөй силердики болот. Албетте, эркек да келинчегин бардык жактан колдоп турушу керек. Мен үйлөнгөндө жашым 20да, келинчегим 16 жашта болчу. Үйдөгү болгон нерсенин баарын айтып, үйрөтүп турчумун. Уй сааса кошо саашчумун. Азыр балдарыбыз чоңоюп, буюрса, жашообуз калыптанып калды. Апам да жардамын аяган жок. Анткени келинчегим жаш кезинде апасы өтүп кеткен экен. Баарын үйрөнүп, колго алып кетти".

- "Өзүмчө элестетип алайынчы ээ? Биринчиден, мен барган жеримди өгөй кылбай, өзүмдүн үй-бүлөмдөй кабыл алганга аракет кылам. Эгер ошентсең маселе деле жаралбаса керек. Анан мага кайнене-кайнатага чай берген аябай кызык. Андан да майда-чүйдөлөр "жеңе" дешсе эле мен эрип кетсем керек. Анан келечектеги жолдошуңду ар дайым колдоп, ысык чайын берип, ызылдай бербесең болду го дейм. Бул менин оюм".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaninaiman
2018-11-08 08:45:56
Эн негизгиси барга шугур жокко канаат кылууну билиши керек экен кыз бала калганы,сыйга сый сыр аяка бал....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан