Алыскы жолго чыккан кышка даярдыгы жок унаалар артка кайтарылат

Алыскы жолго чыккан кышка даярдыгы жок унаалар артка кайтарылат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Жол тыгындарын алдын алуу максатында Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларында, Чычкан, Сосновка жана Кара-Көл көзөмөл-өткөрүү пункттарында унаалардын кышка даярдыгын текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жанан Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлери биргеликте ишке ашырууда. Мындан сырткары ар бир текшерүү пункттарында дарыгерлер нөөмөттө турат.

Алыскы жолго чыккан унаалардын кышкы дөңгөлөктөрү, дөңгөлөк байлоочу чынжырлар жана кышкы күйүүчү майлары болушу шарт. Анткени көпчүлүк учурда жол тыгынынын пайда болушуна жайкы күйүүчү майлардын тоңуп калгандыгы себеп болот.

Ошондой эле Транспорт жана жолдор министрлиги айдоочуларга алыскы жолго чыгардан мурун аба ырайы менен таанышып, унаасында керектүү шаймандардын болушун камсыздаган соң гана жолго чыгуусун суранат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oorup-turat-juroogum
2018-11-06 19:43:27
туура кылат откорбой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан