Жугуштуу оорулар күч алганына байланыштуу ооруканаларда кошумча орундар түзүлүүдө

Өлкөдө акыркы мезгилде жугуштуу оорулардын күч алып жатканынан жана ооруканаларда орундардын тартыштыгынан улам Республикалык дерматовенерологиялык борборунда кошумча 35 орун түзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка министр кол койгон.

"Кабыл алуу бөлүмүнө бейтаптар көп келгендиктен Кыргыз-Орус Славян университетинин жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жугуштуу оорулар кафедраларынан ассистенттер жана ординаторлор тартылууда. Мындан улам кабыл алуу бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин саны көбөйтүлдү", - деп билдирди маалымат кызматы.

Мындан сырткары эпидемиологиялык абал курчуп, сасык тумоо күч алган учурда республикалык диагностикалык борбордо балдарды кабыл алуучу 3 кабинет ачуу маселеси каралып жатканын маалымат кызматы кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaziko80
2018-11-06 23:02:58
Кудай сактасын, тооба кылдым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан