Япония менен беттешке катыша турган Кыргыз футболчуларынын курамасы белгилүү болду. Бул тууралуу Улуттук футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-ноябрдан 19-ноябрга чейин Японияда улуттук кураманын машыгуу жыйындары өтөт. Машыгуулар 20-ноябрда Япония курама командасы менен болчу жолдоштук беттеш менен жыйынтыкталат.
Башкы машыктыруучу Александр Крестинин беттешке катышууга 23 оюнчуну чакырды.
Дарбазачылар: Павел Матяш (клубу жок), Кутман Кадырбеков ("Дордой"), Калыс Акималиев ("Абдыш-Ата").
Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов (бардыгы "Дордой" футболдук клубунан), Шерзот Шакиров (“Нефтчи”), Айзар Акматов (“Алга”), Даниэл Тэго (“Читтагонг Абахани”, Бангладеш), Виктор Майер (“Виденбрюк”, Германия), Вениамин Шумейко (“ЮиТМ”, Малайзия)
Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Жыргалбек уулу Кайрат, Бекжан Сагынбаев, Фархат Мусабеков , Ислам Шамшиевс (бардыгы "Дордой" футболдук клубунан), Бахтияр Дүйшөбеков (“Башундхара Кингз”, Бангладеш), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Эдгар Бернхардт (“Тыхы”, Польша), Турсунали Рустамов (“Алга”).
Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Ульм 1846", Германия), Эрнист Батырканов (“Дордой”).