Мамлекеттик Салык кызматы жогорку кызмат адамдарынын декларациясын жарыялады. Анда жарандардын 2017-жылкы кирешеси, чыгашасы жана байлыгы көрсөтүлгөн. Биз аталган расмий булакка таянып, буга чейин коомдо "бай адам" аталып келген Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттарынын материалдык абалы тууралуу маалыматты сунуштайбыз.
Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев 2017-жылы 674 миң 284 сом пайда тапкан. Андан сырткары ал Тойота үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылат, бирок анын чыккан жылын көрсөткөн эмес. Андан сырткары 2 миллион 970 миң сомго бааланган жылкы, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктарга ээлик кылат.
Абжалиевдин маалыматында жакын туугандарынын байлыгы жана кирешеси көрсөтүлгөн эмес.
Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 2017-жылы 863 миң 615 сомдук киреше тапкан. Ал 39,81 чарчы метрлик батирге ээ. Андан сырткары "Беш-Сары" мекемесин толук түрдө башка жаранга өткөрүп бергенин көрсөткөн. Ал эми автоунаасы тууралуу маалымат жазылган эмес.
Жолдошбаевдин жакын туугандары болсо 2017-жылы 120 миң сом киреше тапкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 2017-жылы 746 миң 994 сом киреше тапкан. Андан сырткары 290 миң сомдук эмерекке, 150 миң сомдук турмуш-тиричилик техникасына жана 140 миң сомдук түрдүү материалдык байлыкка ээ экенин көрсөткөн.
Эл өкүлүнүн жакын туугандары болсо 2017-жылы 2 миллион 155 миң 32 сомдук киреше тапкан. Алар 1385,9 чарчы метрлик кыймылсыз мүлккө ээ.
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов былтыр 4 миллион 476 миң 691 сом киреше тапкан. Чыгашасы болсо 5 миллион 137 миң 500 сомду чапчыган. Андан сырткары 24,61 чарчы метрге барабар болгон 9 айыл чарба багытындагы жер тилкесине ээ. Ошондой эле 1560 чарчы метр болгон кыймылсыз мүлкү бар. Өмүркулов 21 миллион 112 миң 500 сомго бааланган жылкы, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктарга ээ экенин декларациясында көрсөткөн.
Өмүркуловдун жакын туугандары болсо 2017-жылы 30,8 чарчы метрлик батирге жана 356,4 чарчы метрлик кыймылсыз мүлккө ээ. Ошондой эле алар КамАЗ жана Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү автоунааларга ээлик кылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров 2017-жылы 892 миң 234 сом тапкан. Ошондой эле 77,5 чарчы метрлик батирге ээ.
Жапаровдун жакын туугандары 55 миллион 895 миң 647 сомдук киреше тапкан. Ошондой эле 2 миң 330 чарчы метрлик 5 контейнери бар. Мерседес-Бенц 210, Мерседес-Бенц 410, Мерседес-Бенц 409, Мерседес-Бенц 208, Мерседес-Бенц 811, Мерседес-Бенц 710, Мерседес-Бенц 308, Мерседес-Бенз 310 үлгүсүндөгү автоунааларга ээ.
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 2017-жылы 1 миллион 514 миң 315 сом киреше таап, чыгашага учураган эмес. Анын 507 чарчы метрлик турак-жайы, 316 чарчы метрлик батири жана Лексус үлгүсүндөгү автоунаасы бар экени декларациясында көрсөтүлгөн.
Жумалиевдин жакын туугандарынын мүлкү, кирешеси көрсөтүлгөн эмес.