Ырчы Руслан Абылов 5-ноябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Санташ айылында белгиленген концертин берген жок. Мындай маалыматты окурман WhatsApp аркылуу "ЭЛДИК КАБАРга" билдирди.
"Айылга афишалары илинип, 5-ноябрга концерти белгиленген. Айыл эли концерт коюла турган жерге чогулуп, суукта күтүп отурушту. Бирок ырчы келген жок. Өзү маданият өкүлдөрү анда-санда бир келишет. Ошондо да элди күттүрүп, келбегендери концертин бербей деле коюшат. Айылдыктарга боло берет дешеби?" - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.