Айнаш Токбаева, Фарид Ниязов жана Индира Жолдубаеванын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат

Айнаш ТокбаеваМамлекеттик Салык кызматы жогорку кызмат адамдарынын 2017-жылга карата декларациясын жарыялады. Буга байланыштуу мурдагы айрым бийлик башчыларынын кирешеси жана мүлкү тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева 2017-жылы 1 миллион 355 миң 721 сомдук киреше тапкан. Ал 750 чарчы метрлик жер тилкесине ээ. Декларациясында бодо малы жана майда жандыгы 24 миң сомго бааланган. Андан сырткары 130 миң сомдук кымбат баалуу буюму бар экени көрсөтүлгөн.

Жакын туугандарынын киреше, чыгашасы тууралуу маалымат жок. Болгону алардын 67 чарчы метрлик батири жазылган.

Айнаш Токбаева 2017-жылы Жогорку Соттун төрайымы болуп иштеген.

Фарид НиязовПрезиденттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов 2017-жылы 521 миң 35 сомдук киреше таап, 450 миң сомун сарптаган. Анын 45,2 чарчы метрлик батири бар. Ошондой эле 1346,4 чарчы метрлик 5 жер тилкесине ээлик кылат. 2 жер тилкесин башка адамдын башкаруусуна тапшырган. Ниязовдун декларациясында 1984-жылы чыккан Ауди 80 үлгүсүндөгү автоунаага, 2007-жылы чыккан ЛТЗ-60 үлгүсүндөгү тракторго ээлик кылары көрсөтүлгөн. Дагы бир тракторду башка адамга өткөрүп берген.

Ниязовдун жакын туугандары 2017-жылы 450 миң сомдук киреше таап, анын 310 миң сомун короткон. Алар 45,2 чарчы метрлик батирге, 24,32 чарчы метрлик 2 жер тилкесине ээ. Ошондой эле бодо малынын баасы 655 миң сомго бааланган.

Фарид Ниязов 2017-жылы президенттин кеңешчиси, президенттик аппараттын башчысы, шайлоо штабынын жетекчиси болуп бир нече кызматтарда иштеген.

Индира ЖолдубаеваМурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева 2017-жылы 852 миң 186 сомдук киреше тапкан. Ал декларациясында 28,8 чарчы метрлик турак-жайга, 34 чарчы метрлик батирге жана 350 миң сомдук баалуу буюмдарга ээ экенин көрсөткөн.

Индира Жолдубаеванын жакын туугандарынын кирешеси, мүлкү тууралуу маалымат берилген эмес.

Индира Жолдубаева 2017-жылы баш прокурор болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kychtyy
2018-11-08 11:52:23
Ауди 80 деп кулкуну келтиротго чиркин. Болбосо 570 менен журот
+1
Bazake
2018-11-08 12:11:18
Фарид Ниязовдун 40 гектар жери эмне болду? Ошону да такташ керек. 2010-жылдан кийин эсепсиз байлык топтогон бул
+1
jugorsk
2018-11-08 13:23:14
Кантип ушуларда автомашына болбосун мен ушуга тан каламда анан кайактагы джиптерде журушот
+1
MamatovaOrubnu
2018-11-08 15:10:10
Жеп жутар коррупсионерлер миллиондогон акча недвижимости бар буларда .калп айткандан уялышпайт
+1
kalbek87
2018-11-08 15:38:41
Элдин кыжырын келтиресинер да кайра, ким ишенет ? ушуларга тактай албасанар жарыя кылбай эле койгулачы.
+1
Baatirbek81
2018-11-09 19:51:49
Такталбаган жегичтер туура жазылбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан